ЖК коалициясы Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин ордуна келчү талапкерлерди карайт

Бүгүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан бошотулган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Парламенттик коалиция вице-премьер-министр жана саламаттык сактоо министри кызматына талапкерлерди карайт. Бул туурасында парламенттин жыйынында айтылды.

Азырынча коалициянын жыйыны канчада болору белгисиз. Талапкерлердин да аты айтыла элек.

Даяр эмес экенсиңер! Жээнбеков саламаттык сактоо министрине каарын төктү
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошоткон.

Кечээ, 31-мартта, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын өсүшү алдын алуу иштеринин чабал жүрүп жатканын айгинелеп койгонун баса белгилеген.

Мындан улам Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышын шарттап, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгын сынга алган.