БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жазгы сасык тумоо жана грипп учурунда ысык чай менен кофе илдеттин айыгышын кечеңдетет. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде медик-журналист Ольга Кашубина айтып берди.
Анын пикиринде, көпчүлүктүн тумоолоп жатканда ысык чай жардам берет деген түшүнүгү жаңылыштык.
"Сасык тумоо, грипп сыяктуу илдеттердин эң жакшы дарысы — уйку. Ошондуктан медиктер ар дайым төшөктө болгула дешет. Ал эми чай менен кофенин курамындагы кофеин адамдын уйкусун бузуп, тынчын алат. Мындан улам сакаюу процесси кечеңдейт", — деди Кашубина.
Ошондой эле адис ооруп жаткан кезде суусундуктун курамы гана эмес, температурасы дагы роль ойной турганын айтты. Мисалы, муздак суусундук көтөрүлүп турган дене табын басаңдатат. Ал эми ангина учурунда тамактын сезгенген тамырларын ичкертип, адам өзүн жакшы сезип калат.
Жылуу суусундук адам жылуу ваннага түшкөндөй эле организмди жибитип, көшүлтөт.
Андыктан адис сасык тумоо учурунда чай менен кофеден убактылуу оолак болууга чакырат.