Шевченко жаракат алып, июнда болчу беттешинин мөөнөтү жылды

Кыргызстандык спортчу шотландиялык атаандашы Жоан Калдервуд менен Австралияда октагонго чыкмак.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун Австралияда UFC 251 турниринин алкагында шотландиялык спортчу Жоан Калдервуд менен өтчү беттеши кийикиге жылдырылды. Бул тууралуу ESPN телеканалы кабарлады.

Калдервуддун айтымында, беттешти таймаштын мөөнөтүн жылдыруу өтүнүчү менен уюмга Шевченко кайрылган.

"Бизге өткөн жумада беттеш жыларын айтышты. Коронавирустун буга анчейин таасири болгон жок. Шевченко тараптан кандайдыр бир маселе жаралса керек. Айтор, 6-июнда мелдеш болбойт турганын так билебиз", — деген спортчу.

Валентина Шевченко үйдө кантип машыгуу керектигин көрсөтүп берди. Видео
Телеканалдын журналисттери кыргызстандык спортчу менен байланышып, Шевченко бутунан жаракат алганын билишкен. Мындан улам спортчу беттештин мөөнөтүн жылдыруу өтүнүчү менен кайрылууга аргасыз болгон.

Шевченко менен Калдервуд 6-июнда Австралиядагы UFC 251 турниринде кез келмек. Кыргызстандык спортчу акыркы ирет чемпиондук наамын февралда коргоп, америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда нокаут менен утуп алган.