Оштун коменданты: үйдө отурбай, тартип бузгандар обсервацияга жаткырылат

Комендант үйдө отурбагандар коомдук жайларда жүрүп, вирусту таратуу кооптуулугун жаратып жатканын эскертип, ал эми обсервациянын акысын өз чөнтөктөрүнөн төлөй турганын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Коомдук жайларга себепсиз чыгып, жалпы тартипти бузган тургундар эми обсервацияга жаткырылат. Бул туурасында Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов түз эфир учурунда билдирди. 

Оштун коменданты: үйдө отурбай, тартип бузгандар обсервацияга жаткырылат

Комендант жаштарга кайрылып, алар күндүз шаарда максатсыз жөө да, автоунаа менен да жүрүп жаткан учурлар көп экенин айтты.

"ИИМ кызматкери катары айтып коеюн, эми мыйзам чегинде чара көрөбүз. Медицина кызматкерлери менен сүйлөшүп, оперативдүү топ түздүк. Кармалгандарды обсервацияга жаткырабыз. Коомдук жайларда жүрүп, вирусту таратуу кооптуулугун жаратып жатасыздар. Ал эми обсервацияга өз чөнтөгүңүздөрдөн төлөйсүздөр. Беш күндөн бери эскертип келе жатабыз. Айрым жаштар түшүнбөй, ары-бери басып, айрым жерлерде аш жеп, андан сырткары, махалляда бири-бириңердин үйлөрүңөргө каттап жүрөсүздөр", — деди Нурдинов.

Ал ооруну таркаткандарга жана обсервациядан качып чыккандарга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын кошумчалады.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Үч адамдан ашык чогулбасын! Бишкек коменданты чектөөлөрдү күчөттү
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 107ге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Алардын арасынан Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.