71 жаштагы ханзаада Чарльз коронавирустан айыкты

Британиялык тактынын мураскери ханзаада Чарльздан бир апта мурда коронавирус табылган. Анын жубайы да текшерилип, бирок андан COVID-19 чыккан эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Улуу Британия ханышасынын уулу ханзаада Чарльз коронавирустан айыкты. Бул туурасында Reuters агенттиги кабарлады.

"Дарыгер менен кеңешкенден кийин ханзаада Уэльский карантинден чыкты", — деп айтып берген аларга падышалык үй-бүлөнүн өкүлү.

71 жаштагы Уэльскийден аталган вирус 25-мартта табылган. Ал эми анын жубайы Камилла да анализ тапшырып, бирок андан чыккан эмес. Экөө элден обочолонуп, Шотландиядагы сепилге кеткен.

Россия коронавирусту аныктоочу жогорку тактыктагы жаңы тест чыгарды
"Ханзаада вирусту кимден жуктуруп алганын билүү мүмкүн эмес. Анткени ал өзүнүн милдетин аткарып, акыркы жумада көп иш-чараларга катышкан", — деп айтылган андагы маалыматта.

Бирок бир аздан кийин Монако князы Альбер II менен жолукканын жазышты. Себеби андан да COVID-19 табылган.

Бир нече күн өткөндөн кийин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун коронавирус жуктуруп алганы боюнча кабар тараган.