Боронов: эгер өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал өзгөрбөсө, ӨА режими узарат

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өзгөчө абал режими жана карантин өз убагында бүтүшү үчүн коронавирусту жуктуруп алгандардын саны азайышы керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Эгер өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал өзгөрбөсө, анда Кыргызстанда өзгөчө абал режими узарат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал кырдаалды жарандардын колдоосу өзгөртө аларын, ар бир адам айтканды так аткарып. бийликке жардам бериши керектигин баса белгиледи.

"Бардык талаптар так аткарылышы керек. Бул баарына тиешелүү. Ошондо гана жыйынтык болот. Эгер коомчулук жардам бербесе, мамлекеттик механизм маселени эффективдүү чече албай калат. Кырдаал өзгөрбөсө, өзгөчө абал режимин узартуу маселеси жаралат", — деди Боронов.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өзгөчө абал режими жана карантин өз убагында бүтүшү үчүн коронавирусту жуктуруп алгандардын жана дарыланып жаткандардын саны азайышы керектигин кошумчалады.

Коронавирус Кыргызстанда

Бишкекте өткөрмө кагаздын үч түрү бар. Алардын артыкчылыгы эмнеде?
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 94кө жетти. Жалал-Абад облусунда — 50, Ош облусунда — 24, Чүй облусунда — 3, Баткен облусунда — 1, Ош шаарында — 8, Бишкек шаарында — 7, Нарын облусунда — 1 учур катталган.
Бейтаптардын 53ү аял болсо, 41и эркек киши. Бирок 30-март күнү бейтаптардын алгачкы үчөө коронавирусту жеңгени аныкталды

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.