Жээнбеков Абылгазиевди кабыл алып медиктерге бүт шартты түзүп берүүгө чакырды

Жолугушууда президент менен премьер-министр Кыргызстандагы соңку кырдаал тууралуу талкуулашканы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда коронавирустун өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары жана анын экономикага тийгизе турган кесепеттерин азайтуу боюнча өкмөттүн антикризистик планы талкууланган.

Жээнбеков медицина кызматкерлерине максималдуу колдоо көрсөтүү жана аларды бардык керектүү каражаттар менен камсыздоо зарылдыгын баса белгилеген.

"Президент ыкчам штаб бардык түзүмдөрдү координациялоону күчөтүп, жарандардын, медиктердин жана жер-жерлерде комендатура менен кызматташууга тартылган башка адамдардын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүү зарылдыгын билдирди. Премьер-министр өкмөт коронавирустун экономикага тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча бардык чараларды көрүп жатканын айтты. Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган медиктерге кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынганын маалымдады", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, мамлекет башчы өзгөчө абал киргизилген аймактардагы калкка эң зарыл болгон азык-түлүк жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Жээнбеков Абылгазиевди кабыл алып медиктерге бүт шартты түзүп берүүгө чакырды

Ошону менен бирге Жээнбеков өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында калктын социалдык аяр катмарына жардам көрсөтүү зарылдыгын белгилеген.

Кыргызстанда 58 адамдын коронавирус жуктурганы аныкталган. Алардын басымдуу бөлүгү Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген улуу муундагы адамдар.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.