БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Комендант Алмаз Орозалиев Бишкектин ичинде жүрүүгө бериле турган уруксат кагаздары жакынкы күндөрдөн тарта электрондук түрдө берилерин эртең мененки брифинг учурунда айтты.
"Форс-мажордук абалда да иштеп жатабыз, эгерде кандайдыр бир кемчилик кеткен болсо, аны оңдоого аракет кылабыз", - деди Орозалиев.
Белгилей кетсек, буга чейин өзгөчө абал учурунда азык-түлүк ташыган ишкерлерге, үйгө тамак-аш жеткиргендерге жана башка кызматтарга атайын уруксат кагаздын негизинде шаар ичинде жүрүүгө уруксат берилген.
Коронавирус Кыргызстанда
27-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жеткен. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталган. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.
Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.