БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мушкерлер арасындагы "үйдө UFC менен" (#HomewithUFC) акциясына катышып, үй шартында кантип машыгуу керектигин көрсөтүп берди.
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Шевченконун жөнөкөй адамдарга ылайыкталган видеосу UFC уюмунун Twitter баракчасына жүктөлдү.
Учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу спорттук залдар жабылып, спортчулар машыгуусун үйдөн улантууда. Ал арада Абсолюттук мушкерлер уюмунун спортчулары элге онлайн жол менен көнүгүү жасоону үйрөтүп, #HomewithUFC хэштеги менен видео жүктөп жатышат.
Арасында юмор коштолгон машыгуулар да бар. Маселен, UFC уюмунун дагы бир чемпиону Генри Сехудо шыпыргыга бел курларын илип, штанга кылып көтөргөн. Соңунда колду туура жууганды көрсөтүп берген.
Ошондой эле уюмдун эң жеңил салмактагы мушкер кызы Мишель Уотерсон жөнөкөй көнүгүүлөрдөн тышкары анча-мынча сокку узатуулардын сырын ачкан.
UFC мушкерлери арасындагы флешмоб жаңыдан башталганы айтылды.