Нарында "Лимонти" аты менен таанымал кримтөбөл өлтүрүлдү

Кылмыш дүйнөсүндө аты чыккан Сулаймановдун Нарын шаарынын чок ортосунда бычакталып өлтүрүлгөнү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Нарын шаарынын борборунда "Лимонти" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулайманов бычакталып өлтүрүлдү. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Нарында "Лимонти" аты менен таанымал кримтөбөл өлтүрүлдү

Анын айтымында, окуя бүгүн, 28-мартта, саат 13.00дөр чамасында болгон. Бардыгы жол кырсыгынан келип чыккан.

"Сулаймановдын унаасын кылмышка шектүү бала алдынан келип сүзгөн. Ага ачууланып, сөгүп-саккан Лимонти бычак алып чыгып, тигини колго сайган. Ал бала бычагын жулуп алып, өзүн бир нече ирет сайып жиберген. Натыйжада Сулайманов ооруканага жетпей эле каза тапкан", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ишенимдүү булак шектүү милицияга маркумдун сөөгүн өзү алып барып, колго түшкөнүн кошумчалады.

Окуя боюнча ИИМдин маалымат кызматы кийинчерээк комментарий берүүнү убадалады.