Коронавирус: обсервацияларда иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынды

26-марттагы маалымат боюнча кыргызстандык медиктер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Буга чейин бир нече обсервация жайларында иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынды. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

"Буга чейин "Семетей" жана башка обсервация жайларына эпедемиялык кооптуу аймактардан келген жарандар кармалып турган. Алардын арасында вирустун клиникалык белгилери барлар ооруканага жаткырылды. Жуктуруп алгандар дагы ошол жактан чыккан. Ошол себептүү алар менен иштеген медиктер карантинге киргизилди", — деди Акматова.

Анын айтымында, учурда вирус жуктуруп алган медицина кызматкери жок.

Коронавирус Кыргызстанда

Коронавирус адамдын өпкөсүн алсыздандырган процессти видеого тартып алышкан
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам COVID-19 менен күрөшүүдө. Алтоо реанимацияда жатат.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.