Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирип берди. Сүрөт

Кытай жардам иретинде дарыгерлер үчүн 10 миң даана респиратордук бет кап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу бет кап, ошондой эле миң даана коргонуучу кийим берди.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Коңшу мамлекеттин жардамын кечээ, 25-мартта, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.

"Гуманитардык жардамды Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кытай жардам иретинде дарыгерлер үчүн 10 миң даана респиратордук бет кап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу бет кап, ошондой эле миң даана коргонуучу кийим берди. Мындан сырткары, 10 миң даана бет капты Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышканы кошумчаланды.

Коронавирус Кыргызстанда

Коронавирус жуктурган 5 кишинин абалы оорлошуп, реанимацияга которулду
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам COVID-19 менен күрөшүүдө. Алтоо реанимацияда жатат.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.