Кыргызстан коронавирусту жеңүү үчүн Кытайдын дарыгерлерин чакырды

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү азырынча кытай тарап Кыргызстандын сурамына жооп бере электигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн кытайлык дарыгерлерден жардам сурады. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, тийиштүү иш-аракеттер жасалууда.

"Кытайдагы коронавирустун очогу болгон аймакта иштеген адистер менен телеконференция өткөрүлдү. Ошондой эле кытайлык дарыгерлерди биздин өлкөгө жиберүү өтүнүчү жазылган кат Тышкы иштер министрлиги аркылуу жөнөтүлдү", — деди Акматова.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү азырынча Кытай тарап катка жооп бере электигин кошумчалады.

Коронавирус Кыргызстанда

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирип берди. Сүрөт
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам COVID-19 менен күрөшүүдө. Алардын ичинен алты кишинин абалы оорлошуп, реанимацияга которулду

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз