Коронавирус жуктуруп алгандар 1300дөй киши менен байланышта болгон

Кечээ Бишкек жана Чүй облусунда дагы эки киши жуктурганы аныкталган. Бүгүн эртең мененки маалыматка караганда, вирус жуктуруп алгандар жок.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алгандар менен 1 328 адам байланышта болгон, алардын 363ү үй-бүлө мүчөлөрү экенин брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Калган байланышта болгондор — туугандары, достору жана кесиптештери.

Кечээ Бишкек жана Чүй облусунда дагы эки киши жуктурганы аныкталган. Бишкектик 60 жаштагы бейтап Испаниядан келген жаран менен байланышта болгон. Экинчиси дагы эркек киши, Дубайдан келген Чүй облусунун Москва районунун 35 жаштагы тургуну.

Коронавирус Кыргызстанда

Министрлик: коронавирус жуктургандардын арасында дарыгерлер жок
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам COVID-19 менен күрөшүүдө. Алты киши реанимацияда жатат.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз