Аба жетпей кыйналып... Коронавирустан реанимацияга түшкөндөрдүн абалы айтылды

Учурда 44 адамдан COVID-19 инфекциясы табылды. Мурда бир адам реанимацияга түшсө, кечээ дагы бешөө ушул бөлүмгө которулду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Коронавирустан улам реанимация бөлүмүнө которулган адамдардан пневмония оорусу байкалууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 5-февралдан бери 2940 адамдын анализи алынып, 44 адамдан COVID-19 инфекциясы табылган. Мурда бир адам реанимацияда жатса, кечээ дагы бешөө ушул бөлүмгө которулду.

"Коронавирус жуктуруп реанимацияга түшүп калган жарандардан пневмония (өпкө оорусу) байкалууда. Алардын кээ бирлерине кычкылтек жетишпей кыйналгандыктан реанимацияга которуу зарылдыгы келип чыкты", — деди Акматова.

Коронавирус Кыргызстанда

Коронавирус: обсервацияларда иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынды
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам COVID-19 менен күрөшүүдө.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз