Кыргызстанда бүгүн коронавирус жуктурган адамдар катталган жок

Буга чейин Ошто 20, Жалал-Абадда 19, Бишкекте үч, Чүйдө бир жана Баткен облусунда бир адам коронавируска чалдыккан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бүгүнкү, 26-марттын, саат 9.00үнө карата алынган маалымат боюнча, өлкөдө коронавирус жуктурган адамдар катталган жок. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Коменданттык саат учурунда Бишкек кандай көрүнөт. Сүрөт жана видеолор
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам COVID-19 менен күрөшүүдө.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.