Коронавирус: ЭВФ биринчилерден болуп Кыргызстанга жардам бериши ыктымал

Жээнбеков азыркы кырдаал өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтып, ЭВФке Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) КРдеги туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Коронавирус: ЭВФ биринчилерден болуп Кыргызстанга жардам бериши ыктымал

Жолугушууда тараптар коронавирус инфекциясынын Кыргызстандын экономикасына тийгизе турган коркунучтары жана кесепеттери, ошондой эле аларды алдын алуу үчүн финансылык жардам маселеси боюнча сүйлөшкөн.

Сыноону бекем тартип менен жеңебиз! Президент Жээнбеков элге кайрылды
Жээнбеков азыркы кырдаал өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтып, ЭВФке Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады.

Погосян Фонд коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам экономикалык жактан жапа чеккен өлкөлөрдү каржылоо үчүн чукул жардам көрсөтүүнүн ар кандай варианттарын караштырып жаткандыгын билдирген.

Ал Кыргызстан чукул жардам алууга биринчилерден болуп кайрылгандыктан, өлкөгө каржылык жактан көмөк көрсөтүү маселесин эртерээк карай тургандыгына ишендирген.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 44 киши ооруканада дарылануудан өтүп жатат. Анын алтоо реанимацияда, 10 кишинин абалы орточо оор. Акматованын айтымында, калгандарыныкы канааттандырарлык.

Өлкөдөгү кырдаал боюнча Sputnik агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.