БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Башка аймактан Бишкекке азык-түлүк ташып келе жаткан ишкерлер белгиленген посттордон гана өтө алат. Бул туурасында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Комендантка Чүй облусунан шаарга сүт жана башка азыктарды алып кирүүгө аракет кылгандарды блокпосттон өткөрбөй жатышканы туурасында суроо беришкен.
"Мен бир саат мурда ишкерлерди Бишкек шаарына жана андагы карантиндик аймакка тоскоолдуксуз киргизүү боюнча буйрукка кол койдум. Алар каяктан өтүү керектигин жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин таанышып алса болот", — деди Орозалиев.
Коменданттын буйругуна ылайык, ишкерлер төмөнкү постттор аркылуу өтө алышат:
- Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Васильевский тракт көчөсү менен Достук дачасынын кесилиши;
- Жаш Гвардия бульвары менен айлампа жол;
- Курманжан датка менен айлампа жол;
- Киргшелк;
- 7-апрель көчөсү менен Токомбаев проспектинин кесилиши;
- Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн кесилиши;
- Кожобергенов менен Семетей көчөлөрүнүн кесилиши;
- Селекционное айылындагы май куюучу жайдын жаны.
Ал ошондой эле үйгө тамак ташуу кызматын көрсөткөндөр үчүн дагы уруксат кагазы даярдалып берилгенин кошумчалады.
Коронавирус Кыргызстанда
25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылган.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.
Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.