Катасы көп кат жазган төраганын кеңешчиси ЖК аппаратына жетекчи болду

Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Саматбек Ибраев 23-марттан тарта өз каалоосу менен жумуштан бошотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Алмазбек Сабырбеков Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков кол койгон.

Төраганын премьерге жазган катасы көп каты. Жогорку Кеңеш үн катты
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Саматбек Ибраев 23-марттан тарта өз каалоосу менен жумуштан бошотулган.

Жаңы жетекчи Сабырбеков 2017-2019-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп эмгектенген. Ошол учурда төраганын атынан премьер-министрге жазылган расмий катты бир нече катасы менен жазып жөнөткөнү үчүн өткөн жылдын 6-мартында кызматтан алынган болчу.

Бирок андан кийин төраганын жардамчысы болуп азыркыга чейин иштеп жатканы белгилүү болду.