Обсервацияда жаткандардын 70%ы мөөнөтүнөн мурда үй карантинге чыгарылды

Обсервациянын мөөнөтү 14 күн болчу. Ал жайга COVID-19 инфекциясы көп жайылган өлкөлөрдөн келген жарандар жаткырылат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Учурда обсервацияга жаткырылган жарандардын жарымынан көбү мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 14 күндүк карантинге 2014 адам жаткырылган. Карантинди үй шартында өткөрүүгө жиберилгенден кийин обсервацияда 585 адам калды.

"Обсервациядагылардын лабораториялык анализинде вирус жукканы тастыкталбагандыктан үйүнө жиберилди. Аларга кайрылып кетерим, сөзсүз түрдө үйдөгү карантиндин эрежелерин жана өздүк гигиенаны сактаңыздар. Үйгө конок чакырбаңыздар. Медиктер сунуштаган эрежелерди кынтыксыз аткарыңыздар. Эгер жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп өзүн начар сезсе, 118 жана 112 телефонуна чалып же үй-бүлөлүк медицина борборуна дароо кабарлашы керек", — деди Акматова.

Обсервациянын мөөнөтү 14 күн болчу. Ал жайга COVID-19 инфекциясы көп жайылган өлкөлөрдөн келген жарандар жаткырылат.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө абал боюнча тексттик баян. Сүрөт, видео
Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 42ге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бүгүндөн тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абадга өзгөчө абал жарыяланды. Эми көчөдө жүрүү тартиби кандайча өзгөрө турганын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз.

Мындан тышкары, редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.