Бүгүн, 25-мартта, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош облусуна караштуу Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абаддагы Сузак районунда өзгөчө абал режими ишке кирди.
1. Бийлик Бишкекте каттоосу жок адамдар кетиши керектигин айтты. Менин каттоом аймакта, бирок борбор калаада көп жылдан бери жашап келем. Демек мен айыпка жыгыламбы?
— Жок, Бишкекке иши боюнча келгендер жана мында туруктуу жашабагандар кетиши керек.
2. Бишкек ичинде жүрүү үчүн маршруттук кагаз керек экен. Ал эмне, кайдан алуу керек?
3. Шаардын четиндеги дарыканага маршруттук кагазы жок барсам мага айып салынабы?
— Маршруттук кагазды алып алыңыз. Аны даярдоонун оорчулугу жок.
4. Өзгөчө абал режимин бузбастан банк кызматтарын кантип колдонсом болот?
— Банкка өтө зарыл иш чыкканда гана барууга жол берилет. Алдын ала алардын иш графиги менен таанышып алыңыз. Маршруттук баракчада бара турган жериңиз көрсөтүлүшү керек.
5. Чоң энеме азык-түлүк, дары-дармек жеткирип беришим керек эле. Эми кантем?
— Тууганыңызга бара жатканыңызды маршруттук баракчага жазышыңыз керек. Бирок жалпы коопсуздук үчүн адамдар менен байланышты азайтуу керектигин эстен чыгарбаңыз.
6. Эгер досторумдукуна конокко баргым келсе, эмне кылышым керек?
— Сиз конокко барбашыңыз керек, буга акыңыз дагы жок. Карантиндин максаты — адамдар ортосундагы байланышты азайтуу.
7. Шаар ичинде велосипед менен жүрө аламбы?
— Ооба, дарыканага, ооруканага жана дүкөнгө барсаңыз болот.
Өзгөчө абал боюнча редакциянын тексттик трансляциясынан дагы маалымат алыңыз.