Коронавирус: Кыргызстан Кытайдан 30 миң экспресс-тест сатып алат

Тесттердин баасы 112 миң доллар деп бааланды. Жакынкы күндөрү алар Саламаттык сактоо министрлигине келип түшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстан Кытайдан коронавирус инфекциясын аныктоочу 30 миң экспресс-тест сатып алат. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн Республикалык штаб билдирди.

"Тесттердин баасы 112 миң доллар деп бааланды. Жакынкы күндөрү алар Саламаттык сактоо министрлигине келип түшөт", — деп айтылды билдирүүдө.

Кыргыз элчилиги бир айда 17 600 тест-система берген Россияга ыраазычылык билдирди
Буга чейин Кыргызстанга коронавирустун бар-жогун 20 мүнөттө аныктай турган 5000 экспресс-тест сатып алынган. Алардын баасы 22 миң доллар болгон.

Белгилей кетсек, бир ай ичинде Россия бизге 17 600 тест-система бергени белгилүү болгон. Ал үчүн 23-март күнү Кыргызстандын элчилиги Россияга ыраазычылык билдирген.

Редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.