БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Казакстан Ирандан келе жаткан кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалардын экинчи тобун өз чек арасынан өткөрдү. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жүк ташуучулар Кыргызстанга Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу транзит менен келе жатат.
"Учурда Россия-казак чек арасындагы "Котяевка — Курмангазы" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Казакстандын аймагына 19 автоунаа киргизилди. Алар мындан ары Казакстандын кайгуул полициясынын коштоосунда Кыргызстанга багыт алат", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бул транзиттик коридор Ирандан келаткан кыргызстандык жүк ташуучу унаалары үчүн казак тараптан уюштурулганын жана бир жолку акция болгондугун эскертет.
Казакстанда коронавирус катталганына байланыштуу 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Ага ылайык, чет элдиктердин Казакстанга кирүүсүнө тыюу салынган. 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматы карантинге алынган болчу.
Редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.