Көчөгө чыгып келгенден кийин сөзсүз аткара турчу 8 эреже

Бүгүн, 25-мартта, Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы эки учур катталды. Ушуну менен ооругандардын саны 44кө жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова коронавирустун алдын алуу үчүн ар бир адам гигиеналык эрежелерди билиши керек экенин айтып, аларды атай кетти.

Дүкөн, базар, дарыкана жана башка жайлардан үйгө келгенден кийин сөзсүз аткара турчу сегиз эреже:

  1. Бут кийимди кире беришке калтыргыла;
  2. Колду жууй электе үйдөн эч нерсени кармабагыла;
  3. Сырт кийимди кире беришке чечкиле;
  4. Үй жаныбарларын сыртка чыгарып келсеңер сөзсүз таманын тазалагыла;
  5. Ачкыч, сумка, капчыкты кире беришке койгула;
  6. Үйгө келгенде сөзсүз жуунгула же дененин ачык бөлүктөрүнө суу тийгизгиле;
  7. Көз айнек жана чөнтөк телефонду дезинфекциялагыла;
  8. Сыртка кол кап, бет кап кийип чыксаңар сөзсүз кесип, оозу жабык таштанды челекке ыргыткыла.

Бүгүн, 25-мартта, Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы эки учур катталды. Ушуну менен ооругандардын саны 44кө жетти.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.