Алайдан Кара-Сууга өткөрбөй блокпостту куралчан аскерлер кайтарууда. Видео

Өзгөчө абал режими киргизилген Кара-Суу районунда кыймылды чектөө үчүн 11 жерге блокпост коюлду.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Канат Шарипбеков аттуу блогер YouTube каналына Кара-Суунун Алай району менен чектешкен Талдык айылындагы (Чыйырчык ашуусунун кире бериши) блокпосттун видеосун жарыялады.

Кадрдан постту куралчан аскерлер кайтарып, автоунааларды киргизбей жатканын, ал эми медицина кызматкерлери чыгып бараткан автоунааларды дезинфекциялап жатканын көрүүгө болот.

Ош облустук милициянын маалымат кызматы өзгөчө абал режими киргизилген аймакка ооруканага бараткан бейтаптар гана өткөрүлөрүн билдирди.

"Кара-Суу районунун жашоочуларына Алайга баруусуна чек коюлган. Эгер жакын тууганы каза болсо коменданттын уруксаты менен гана өтө алат. Ал эми Алайдын тургундарынын Кара-Сууга кирүүсүнө толугу менен тыюу салынды. Бир гана ооруканага бара жаткандар өтө алат. Эгер буга чейин райондо жүргөндөр болсо чыгып кетишине тоскоолдук жок", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле облустук милиция бүгүн саат 20.00дө Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, Ош шаарына коменданттык саат киргизилерин белгилеп, тургундарды көчөгө чыкпай үйдө отурушун эскертти.

Коронавирус Кыргызстанда

Жымжырттык өкүм сүргөн Бишкектин асмандан тартылган видеосу
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам коронавирус менен күрөшүүдө.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.