Жүрөк үшүн алган COVID-19. Санитардык посттордон тартылган 12 сүрөт

Sputnik

Эгер дене табы 37 градустан жогору болсо, ошол жерден каттоого алып бейтапканага жөнөтөт. Ошондой эле алар зарылчылыгы жок болсо шаарга келбей, үйдө болуу керектигин, көчөдө бет кап тагынып жүрүү зарылдыгын эскертүүдө. Аймактарга каттаган коомдук транспорт токтотулгандыктан, эл ташыган маршруткаларды өткөрбөй жатышат.

Бет кап тагынбаган адамдар кагуу жеп... Бишкектеги посттордон тартылган видео
Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотографы санитардык-карантиндик посттордон тартылган кадрларды сунуштайт.

Жибек Жолу проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишиндеги постко барганда ар бир жаран тыкыр текшерилип жатканына күбө болдук. Жарым сааттын ичинде эки адамдын дене табы көтөрүлгөнү аныкталып, бейтапканага жөнөтүлдү.

Сокулук тараптан келе жатканда Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги постто жалгыз тепловизор менен иштеген дарыгер жетишпей жатканы байкалды. Айрым автоунааларды карабай эле өткөрүп жатышты.

Эртең, 25-марттан тарта, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак менен Ноокат райондоруна өзгөчө абал режими киргизилет. Коменданттык саат коюлуп, кечинде көчөгө чыгууга тыюу салынат.

7-Апрель көчөсүнө дагы санитардык пост коюлган, бирок ал жерде тепловизор иштебей жатканын айтышты. Ал эми Курманжан датка көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишиндеги постко медик келе электиги белгилүү болду.

1 / 12
Шейшембиден тарта Бишкекти тегерете 12 санитардык-карантиндик пост коюлду
2 / 12
Эгер адамдардын дене табы 37 градустан жогору болсо бейтапканага жөнөтүлөт
3 / 12
Постто турган автоинспекторлор, милиционерлер, ӨКМ кызматкерлери жана медиктер калаага кирген автоунааларды токтотууда.
4 / 12
Бул посттор күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп турат
5 / 12
Кыргызстанга 21-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген
6 / 12
Ар бир жарандын тепловизор менен бирден текшерип өткөнгө чейин артында узун кезек пайда болууда
7 / 12
Ден соолугун тобокелге салып иштеген дарыгерлер элге үмүт берип жатат
8 / 12
Автоунаада бара жаткан ар бир адамдын бет кап кийүүсүн эскертип жатышты
9 / 12
ӨКМ кызматкерлери дене табы көтөрүлгөн кишилердин аты-жөнүн, жашаган жерин, телефон номерин жазып калып, бейтапканага жөнөтүп жатат.
10 / 12
Эртеңден тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак менен Ноокат райондоруна өзгөчө абал режими киргизилет.
11 / 12
Азыркы тапта Кыргызстанда 42 адам коронавирус жуктурганы аныкталды.
12 / 12
COVID-19 инфекциясы 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарынан чыккан.