Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилет, үч комендант дайындалды. Алар кимдер?

Аталган аймактарда 2020-жылдын 25-мартынан саат 8.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 8.00гө чейин өзгөчө абал киргизилмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Кыргызстандын бир нече аймактарына өзгөчө абал киргизилип, аларга коменданттар бекитилди. Бишкек шаарына Алмазбек Орозалиев, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районуна Жеңишбек Жоробеков, ал эми Ош шаарына, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна Малик Нурдинов комендант болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланат. Учурда эмне болуп жатат
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев  ички иштер министринин орун басары болуп иштеп келген. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын начальниги. Ал эми Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенип жаткан.

Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен коронавирус кооптуулугунан улам Кыргызстандын бир нече шаарларына жана райондоруна өзгөчө абал киргизилди.

Аталган аймактарда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет.

Өзгөчө абал деген эмне?

Вирус ар бирибиздин жаныбызда! Абылгазиевдин элге жасаган видеокайрылуусу
22-марттан тарта Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилген. Эми 25-марттан тарта өлкөнүн айрым шаарларына өзгөчө абал (ӨА) киргизилмей болду. Өзгөчө абал киргенде көрсөтүлгөн шаарларга комендантура киргизилип, абалды Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет координациялай баштайт.

ӨА режими КР жарандарынын, четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндигин чектеп, аларга да кошумча милдеттерди жүктөйт.

Кыргызстанга дүйнөнү каптаган коронавирус да келген. Учурда Кыргызстан боюнча 16 адам аны жуктуруп алган. Алар өзгөчө абал киргизилген жогорку аймактардан жана Баткен облусунан табылган.

Кыргызстандын аймактарына кире турган өзгөчө абал жана коронавирус боюнча кырдаал туурасында Sputnik Кыргызстандын тексттик билдирүүлөрүнөн окуп турсаңыздар болот.