Үч жолу текшерген. Энеси коронавируска кабылган ымыркайдын анализи таза чыкты

Бүгүн түшкө жуук коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталган. Арасында жаш балдар дагы бар болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Коронавируска кабылган аялдын эмчектеги баласынын анализи таза чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, ооруканага жаткырылгандардын арасында бир жашка чыга элек эки ымыркай бар. Алардын бирине COVID-19 жукканы аныкталган.

"Экинчи ымыркайдын апасы коронавирус жуктурган. Анын эмчектеги баласын үч ирет текшердик, таза чыкты", — деди Акматова.

Жүрөк үшүн алган COVID-19. Санитардык посттордон тартылган 12 сүрөт
Эскерте кетсек, бүгүн түшкө жуук коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталып, жалпы жонунан 42 кишиге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар.

Эртеңден тарта Бишкек шаарына, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилет.

Эми көчөдө жүрүү тартиби кандайча өзгөрө турганын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан билүүгө болот.

Мындан тышкары, редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.