Бишкекте конок болуп жүргөндөр түнгө чейин шаардан чыгып кетиши керек

Коммендант брифингде өлкөгө өзгөчө абал киргизилип жаткандыгына байланыштуу Бишкекте коменданттык саат жарыяланарын айткан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында мейман болуп жүргөндөрдүн бардыгы бүгүн түнгө чейин чыгып кетиши керек. Бул туурасында маалымат жыйында шаардын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал буга чейин брифингде өлкөгө өзгөчө абал киргизилип жаткандыгына байланыштуу Бишкекте коменданттык саат жарыяланарын айткан болчу.

"Шаардын коноктору бүгүн саат 24:00гө чейин кетиши керек", — деп эскертти Орозалиев.

Бүгүн, 24-мартта, Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 42ге жетти. Эртеңден баштап өзгөчө абал режими киргизилмей болду. Соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.