Блокпосттон өтүүдө жаңы ID-картанын каттоосун онлайн текшерүүгө болот

Буга чейин Мамкаттоого блокпосттордо биометрикалык паспорттон каттоо дарегин текшерүүдө көйгөйлөр болуп жаткандыгы боюнча даттануулар келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Мамлекеттик тейлөө порталында биометрикалык ID-карталардын каттоосун текшерген убактылуу онлайн-функция киргизилди. Бул туурасында Каттоо кызматынан билдиришти.

Буга чейин Мамкаттоого блокпосттордо биометрикалык паспорттон каттоо дарегин текшерүүдө көйгөйлөр болуп жаткандыгы боюнча даттануулар келип түшкөн.

"Ошол себептен "Инфоком" ишканасынын адистери ыкчам түрдө текшерүү функциясын иштеп чыгышты", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекке коронавирустан улам 12 санитардык пост коюлууда. Карта
Кызмат менен шилтеме аркылуу таанышууга болот. Ага паспорттун номерин же PIN менен ИННди киргизүү керек.

Мамкаттоо эски ID-карталарда биометрикага салыштырмалуу каттоо дареги көрсөтүлгөнүн белгилешти.

Белгилей кетсек, блокпосттор өлкө аймагында коронавируска байланыштуу коюлуп жатат. Соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.