Бишкекке кайрадан жылуулук берилмей болду. Себеби

Жылуулук алгач медициналык мекемелерге, андан соң турак үйлөргө жана шаардын түштүк бөлүгүнө берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Бишкек мэриясынын буйругуна ылайык, борбор калаага кайрадан жылуулук берилмей болду.

Эске салсак, буга чейин 19-марттан тарта шаарда жылуулук өчүрүлгөн болчу.

"Коронавирус жана башка инфекциянын пайда болушуна, жайылып кетпешине бөгөт коюу максатында, ошондой эле аба ырайынын өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу "Бишкек жылуулук түйүнү" 24-марттан тарта калаага жылуулук берет. 13:00дө борбордук системага 23 медициналык мекеме жана 157 турак үй кошулду", — деп айтылат маалыматта.

Жылуулук алгач медициналык мекемелерге, андан соң турак үйлөргө жана шаардын түштүк бөлүгүнө берилет.

Жылуулук маселеси боюнча суроо жаралса, калаа тургундары 1980 кыска номерине же 61 11 69 телефон номерине чала алышат.