БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Исламабад шаарында жүргөн кыргызстандык кишинин коронавируска тапшырган тести вирус бар экендигин көрсөттү. Бул туурасында Пакистандын The Nation гезити жазды.
Басылманын маалыматы боюнча, вирус жуктурган кыргызстандык "Таблиги Жамаат"* диний кыймылынын мүчөсү. Исламабад шаарында аны коштоп жүргөн 13 киши карантинге жаткырылган. Ошондой эле алар барган шаардык эки мечит жабылганы айтылды.
Бүгүн эртең менен болгон брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бул туурасында Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын кабары бар экендигин билдирди.
"Учурда маалыматты ТИМ тактап жатат. Так бир нерсе билбегенден кийин эч нерсе деп айта албайбыз", — деди Акматова.
Пакистанда COVID-19 биринчи жолу 26-февралда Ирандан келген эки студенттен аныкталган. Учурда өлкөдө вирус жуктургандардын саны 195ке жетти.
* Россия, Кыргызстан жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.