Кыргызстанда бүгүн да коронавирус жуктургандар аныкталган жок

Өлкөдө ушу тапта коронавирус менен 14 адам күрөшүүдө. Анын ичинен бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бүгүн эртең мененки маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Ал буга чейин вирус жуктурган 14 кыргызстандыктын абалы тууралуу маалымат берип, эки адамдын абалы оор экенин айтты.

"Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду. Дагы бир аял дарылануусун улантып жатат. Калган 12 адамдын абалы канааттандырарлык", — деди Акматова.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаран реанимацияга которулду
Ошондой эле адис жарандарды эл чогулган жерден оолак болуп, үйдөн чыкпай отуруу менен гана вирустун таралышына бөгөт коюуга мүмкүн экенин дагы бир ирет эскертти.

Кыргызстанда 14 киши коронавирус жуктурган, анын алтоо эркек, сегизи аял экени маалым. Алардан, Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген Сузактын сегиз, Ноокаттын үч, Баткендин бир, Бишкектин бир тургунунан, COVID-19 инфекциясы табылган. Мындан сырткары, Франциядан келген дагы бир кыргызстандык вирус жуктурганы белгилүү болгон.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай экенин Sputnik Кыргызтан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.