Коронавирус жуктурган кыргызстандыктар кантип дарыланып жатканы айтылды

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү коронавирус жуктургандарды караган дарыгерлер эки эсе көп маяна аларын белгиледи. 
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктурган кыргызстандыктарды абалына жараша өз-өзүнчө дарылап жатат. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, азырынча дүйнөдө коронавирусту ооздуктоого вакцина чыгарыла элек, андыктан бейтаптарга биринчи кезекте вируска каршы каражаттар колдонулууда.

“Бизде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамалары бар.  Оорунун деңгээлине жараша антибиотик менен дарылоо каралган. Албетте, оорунун күчөп кетпешин алдын алуу үчүн препараттар колдонулууда. Ар биринин абалына карап өзүнчө дарылайбыз”, — деди Акматова.

Ошондой эле ал коронавирус жуктургандарды карап жаткан медиктерге эки эсе көп маяна төлөнө турганын белгиледи.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаран реанимацияга которулду
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти. Анын ичинен сегизи Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Үчөө Ош облусуна караштуу Ноокат районунан, экөө Бишкектен, бирөө Баткен районунан. Эки адамдын абалы орточо оор деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Эске салсак,  Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот.