Керемет! Жазгы маанай тартуулап, гүл ачкан өрүктөр. Сүрөт

Sputnik

Ала-Бука району Бельгия, Монголияга 19 тонна кара өрүк экспорттоду
Борбор Азия мамлекеттеринде өрүк кеңири тараган. Бөтөнчө бул жемиштин мекени Кыргызстандын Баткен облусу болуп саналат. Аймакта өрүк гүлдөп баштаганда туристтердин да саны артып баштайт. Андан тышкары, Ысык-Көлдө да өрүк бактары арбын.

Ал эми борбор калаада өрүктөр совет убагында отургузулган. Бишкек мэриясынын "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошеванын айтымында, баланста өрүк бактарынын саны аз калды.

"Учурда муниципалдык жерлерде 500дөй өрүк багы бар. Эгер шаардыктардын огороддорун да кошо турган болсок, 1000ден ашат", — деди Жолдошева.

Кыргызстанда өрүктөн шире жасалып, кургатылып сатылары маалым. Ошондой эле данеги менен да кургатып жүрүшөт.

1 / 10
Борбор Азия мамлекеттеринин бардыгында өрүк кеңири тараган
2 / 10
Бишкектеги өрүк бактар совет убагында отургузулган
3 / 10
Жашоо керек да... Өрүк гүлүн соруп жаткан кадимки аары.
4 / 10
Учурда Бишкектин муниципалдык жерлеринде 500дөй өрүк багы бар
5 / 10
Көчөнүн ажарын дал ушул бак ачып жаткандай. Бишкектин чок ортосунда гүлдөгөн өрүк.
6 / 10
Кичи конуштарда да өрүктөр гүлүн ачты
7 / 10
Борбордогу мекеменин имараттарында да өрүк бактары бар
8 / 10
Кыргызстанда өрүктөн шире жасалып, кургатылып сатылары маалым
9 / 10
Республикада өрүк Баткен менен Ысык-Көл облустарында көбүрөөк отургузулган
10 / 10
Бош калган көчөдө минтип биринчи өрүк багы көзгө урунат. КРде өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу кыймыл азайды.