БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда азык-түлүккө болгон баа жогорулай турганын билдирди.
Ал буга чейин Финполдун кызматкерлери бааны жасалма түрдө жогорулаткандарды ооздуктаганын белгиледи. Бирок учурдагы мониторинг боюнча айрым азык-түлүккө болгон баа үч пайызга чейин кымбаттай турганын айтты.
"Ошондуктан баарын баанын көтөрүлүшүнө даяр турууга чакырмакчымын. Кризистин кесепетинен инфляция өсүп жатат. Бирок өкмөт баалардын кескин жогорулап кетишине жол бербөө боюнча иш алып барууда", — деди Асрандиев.
Белгилей кетсек, мурдараак Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 11 азык-түлүктүн орточо баасын бекиткен.
Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал
Эске салсак, Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.
Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.
Ал эми ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот.