Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко алып келинди

Кой-Таш окуясынан кийин Атамбаев жана анын 13 үзөңгүлөшүнө Жазык кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышып жатат. Бул туурасында анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.


Соттук жараян учурда Биринчи Май райондук сотунда өтүүдө.

Кол чаап сүрөгөн аялдар... Атамбаевди сотко алып келип, кайра алып кеткен видео
Эске салсак, буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаев баш болгон 14 кишиге расмий түрдө айып тагылган.  

Ал эми Башкы прокуратура козголгон кылмыш ишти карап чыгып, сотко жөнөткөн. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылды. Атап айтканда, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, адамдарды барымтага алуу, киши өлтүрүү, массалык башаламандык уюштуруу жана курал-жаракты мыйзамсыз сактоого күнөөлөнүүдө.