Сексолог карантин жеке мамилеге кандай таасир берерин айтып берди

Дарыгердин пикиринде, коомдук иш-чаралардын токтотулушу, эл менен жолугушуунун азайышы жуптардын бири-бирине көп убакыт бөлүшүнө өбөлгө түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндер сүйүшкөндөр жана жубайлар ортосундагы мамиленин бекемделишине жардам берет. Бул туурасында Sputnik радиосу россиялык врач-сексолог, психотерапевт Евгений Кульгавчукка шилтеме берип жазды. 

Коронавирус менен күрөшүүдө алкоголь менен чылымды азайтуу керек. Себеби
Анын пикиринде, коомдук иш-чаралардын токтотулушу жана эл менен жолугушуунун азайышы жуптардын бири-бирине көп убакыт бөлүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле эпидемиянын фонунда төшөк мамилеси айрымдардын маанайын көтөрөт.

Бирок түгөйлөрдүн бири медициналык себептерге байланыштуу түздөн-түз обочолонгон болсо, секс менен алектенүүгө болбойт.

Адис жыныстык катнаш иммунитетти чыңдай турганын да белгилеген.

"Ар дайым болуп турган секс маанайды гана көтөрбөстөн, стресс, тынчсызданууну азайтып, иммундук системаны жакшыртарын эстен чыгарбашыбыз керек. Канчалык бир деңгээлде эмоция гана тартуулабастан, ден соолукту да чыңдайт десе болот", — деген адис.

Сексолог жыныстык катнаш жакшы маанай менен башталганда гана пайдалуу жактарын тийгизе турганын кошумчалаган.

Буга чейин адистер аялдар төшөк кумарынан эмнеге баш тартарын айтып беришкен.