БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкекте троллейбустар штаттык режимде иштей берерин мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Төмөнкү линиялар кызматта болот:
- №4 — Эт комбинат — Кожзавод;
- №5 — "Аламедин" базары — Жал кичирайону;
- №7 —Ак-Өргө конушу —Туңгуч кичи району ;
- №8 — Лермонтов көчөсү — Ак-Өргө конушу;
- №9 — Дыйканчылык институту — Аламедин-1 кичи району;
- №10 — Эт комбинат — Асанбай кичи району;
- №11 — Асанбай — Чыгыш автобекети;
- №14 — Жал кичи району — Киркомстром;
- №17 — Кожзавод — Асанбай кичи району.
Транспорттун аталган түрүнүн иши тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынын (0559) 73-38-66 номери аркылуу билүүгө болот.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 14кө жетти. Сегизи Сузак районунда, үчөө Ноокатта, экөө Бишкекте жана бирөө Баткенде катталды.
Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими кирди.