Коронавирус: Улуттук банк кайсы ишкерлерге жардам болорун айтты

Улуттук банктын төрагасы Абдыгулов 19-март күнү бардык коммерциялык банктардын жетекчилерин чогултуп, маектешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Коронавирус көйгөйүнө байланышкан жагдайдан жабыр таркан ишкерлерге жардам берилет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Буга чейин Улуттук банк коронавирус көйгөйүнө байланыштуу бизнести колдоо максатында банктарга жана финансы-кредит уюмдарына карызга акча алган жарандардын төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узартуу талабын койгон.

Абдыгуловдун айтымында, ал 19-март күнү бардык коммерциялык банктардын жетекчилерин чогултуп, сүйлөшкөн.

"Алар бизнеси коронавирустан жабыркаган ишкерлерге колдон келишинче жардам кылууга убада беришти. Мисалы, өкмөттүн токтому менен бир катар көңүл ачуу, тамактануу жайлары жабылды, аларга колдоо болот. Бирок бул чечимдин коронавирустун айынан иши жабыркабагандарга тиешеси жок", — деди Абдыгулов.

Кредит алгандардын карызы өспөйт! Улуттук банктын жаңы токтому чыкты
Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматына караганда, 2019-жылдын аягында Кыргызстанда насыя алгандардын жалпы саны — 546 миң болгон. Алардын 541 миңи жеке тараптар, калганы юридикалык жактар. Алынган кредиттик сумма — 146 миллиард 439 миллон сом.

20-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Оору кийин аныкталгандардын үчөө Ош облусунун Ноокат районунун тургундары. Алар да кичи ажылыктан келген. Учурда аймактык оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.