Коронавирус жуктурган ноокаттык үч аял Кувейт аркылуу келген

Бүгүн эртең менен маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Ноокаттын үч тургуну вирус жуктурганын маалымдаган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктурган кыргызстандыктар Сауд Аравиясынан Кувейт аркылуу Ошко келишкен. Бул туурасында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова парламенттин көпчүлүк коалициясына отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, үчөө тең кичи ажылыктан келген.

"Вирус жуктургандардын үчөө тең аялдар. 67, 71 жана 77 жашта. Алар Ноокаттын эки айылынан болот. Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып кайра Кувейт аркылуу түз Ошко түшкөн. Үчөө эки башка учак менен келишкен", — деди Өмүрбекова.

Кыргызстандагы коронавирус

Мындан ары умрадан келгендердин баары обсервацияга жаткырылат
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми бүгүн, 20-мартта, умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.