Доллар 79 сомго чейин түштү

19-март күнү доллардын баасы 12 сомго жогорулап, 85ке жеткен. Ал эми сатуу 84,6-84,7 сом болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Долларды сатуу курсу 79-81 сом болуп турганын Valuta.kg сайтынан көрүүгө болот.

Коронавирус: Улуттук банк кайсы ишкерлерге жардам болорун айтты
Эске салсак, 19-март күнү АКШ акчасынын баасы кескин көтөрүлүп, сатуу 85 сомго жеткен. Ал эми сатып алуу 84,6-84,7 сомду түзгөн болчу.

Бүгүн эртең менен курс төмөндөдү. Саат 11:50дөгү маалыматка караганда, коммерциялык банктар 79 сомдон 81 сомго чейин жетүүдө. Сатып алуулар 78,7ден 81,7 сомго чейин болуп жатат.

Кененирээк маалымат алуу үчүн Улуттук банктын төрагасы берген брифингдин тексттик трансляциясын окуңуздар.