Пандемияга байланыштуу SputnikPro ишин онлайн-режимде улантат

Алгачкы семинарлар коронавирусту чагылдырууда ЖМКлар кандай тоскоолдуктарга учурап жатканы, бул теманы кантип туура чагылдыруу, соцтармактар жана мессенджерлер менен иштөө жолдоруна арналат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. – Sputnik. Журналисттерди өнүктүрүү семинарларын уюштурган SputnikPro долбоору коронавирус пандемиясына байланыштуу дистанциондук режимге өтүп, онлайн-сессияларын ачат. КМШ жана Балтия мамлекеттериндеги орус тилдүү журналисттер актуалдуу профессионалдык маселелерди онлайн талкуулай алышат.

"Биздин семинарлар КМШ менен Балтия мамлекеттеринде чоң кызыгуу жаратып келет. Карантиндин айынан ишти токтотуп коюу акыйкатсыз болуп калса керек. Буга байланыштуу биздин адистер кайсы бир убакытка чейин семинарларды онлайн форматта өткөрүшөт", - деди "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин редакторунун орун басары Наталья Лосева.

Журналисттер семинарга кайсы өлкөдө болбосун катыша алат. SputnikPro долбоорунун онлайн-сессиясынын географиясын кеңейтүү пландалып жатат.

Алгачкы семинарлар коронавирусту чагылдырууда ЖМКлар кандай тоскоолдуктарга учурап жатканы, бул теманы кантип туура чагылдыруу, соцтармактар жана мессенджерлер менен иштөө жолдоруна арналат. Онлайн-сессияга катышуу үчүн журналисттер каттоодон өтүшү керек (n.naizabekova@sputniknews.com же бул номер аркылуу 0557991999).

Россиялык эксперт журналисттерге көздөгөнүнө жеткире турган 5 кеңеш айтты
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.