БИШКЕК, 19-мар. – Sputnik. Кытайда кырсыктап балкондон учуп кеткен кыргызстандык Айдай Закиралиевага бүгүн Иу шаарында операция жасалат. Бул маалыматты анын эжеси Элмира Кылычбаева билдирди.
Айдайдын операциясы беш саатка жакын созулуп, эки жерине жасаларын айтты.
"Реабилитация мөөнөтү боюнча азырынча кеп боло элек, операция оор болот дешти. Болжол менен 5 сааттай, эки жерине — бел омурткасына жана согончогуна жасалат экен", — деп айтып берди Кылычбаева.
Эске салсак, кырсык 2020-жылдын 6-мартында эртең менен Иу шаарында болгон. Кыргыз ТИМинин маалыматына караганда, кыз капыстан балкондон кулаган. Анын операциясына болжол менен 80 миң юань (830 миң сом) керектелери айтылып, туугандары каражат издей баштаган.
Кылычбаева зарыл болгон акча каражатын табууга жана операция боюнча дарыгерлер менен сүйлөшүүгө КР ТИМи жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги көмөк көрсөткөнүн билдирди.
Ал мындай жардамы үчүн элчиликке, дипломаттарга жана ТИМ жетекчиси Чыңгыз Айдарбековго ыраазылык айтты.
Кылычбаева операция боло турган Айдайдын жанында чогуу иштеген курбулары жана кыргыз кыздар бар экендигин кошумчалады.