50 жашында 14 жашар Кычандын ролун аткарып... Сабира Күмүшалиеванын сүрөттөрү

Sputnik

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар актрисанын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

"Кыргыз кереметинин" жылдызы өчүп... Болот Шамшиевдин сүрөттө калган ирмемдери
Төкөлдөштүн төрт кызынын бири эмгек жолун мектепте мугалимдиктен баштап, 16 жашында актёрдук билими жок эле театр сахнасына чыккан. Күмүшалиева 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенип, 100дөн ашык түрдүү образ жараткан. Эң кызыгы, элүү жашында 14 жаштагы Кычан Жакыповдун ролун аткарып, көпчүлүктү таң калтырган.

СССРдин эл артисти 38 жыл тубаса талант ээси, залкар актёр Муратбек Рыскулов менен өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн.

Кыргыз элинин легендарлуу актрисасы Сабира Күмүшалиева жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

1 / 13
Актриса 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенип, 100дөн ашык түрдүү образды жараткан.
2 / 13
Актриса Сабира Күмүшалиева менен актёр Асанкул Куттубаев, 1975-жыл
3 / 13
КР Эл баатыры биринчи жолу 40 жашында "Муз жүрөк жөнүндө баян" тасмасына тартылат
4 / 13
Жаш кинорежиссёр Болот Шамшиев менен актриса Сабира Күмүшалиева. Ысык-Көл облусу, 1972-жыл
5 / 13
Күмүшалиева "Уркуя", "Ак кеме", "Бакайдын жайыты", "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" жана "Кызыл алма" өңдүү көптөгөн тасмаларга тартылган
6 / 13
СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, СССРдин эмгек сиңирген артисти Жумаш Сыдыкбекова жана режиссёр Аман Камчыбеков. "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильми, 1984-жыл
7 / 13
Атактуу актриса Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, төкмө акын Эстебес Турсуналиев жана алардын замандаштарынын сүрөтү 1980-жылдары тартылган
8 / 13
Залкар актриса менен кичинекей Нургазы Сыдыгалиев. Атактуу "Ак кеме" тасмасынан көрүнүш
9 / 13
Кыргыз театр жана кино өнөрүнүн легендасы Муратбек Рыскулов Сабира апанын өмүрлүк жубайы болгон
10 / 13
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп жүргөн учуру. Сабира Күмүшалиева, Тынара Абдразаева жана Шайыр Касымалиева
11 / 13
"Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасын тартуу учуру, Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова
12 / 13
"Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасынан бир көрүнүш, 1988-жыл
13 / 13
Режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кемесиндеги" Карыз эне жер титирөө маалында