Жазага тартабыз! УКМК жалган маалымат жайылткандарга эскертүү берди

УКМК коронавирус боюнча ушак жана фейк маалыматтарды тараткан адамдар аныкталып жатканын билдирип, мындай багыттагы билдирүүлөрдү жайылтпоого чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча комитет коронавируска байланыштуу жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертти. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

"УКМК коронавирус боюнча ушактарды, фейк маалыматтарын тараткан адамдарды аныктоодо. Ушул багыттагы кабарларды тараткандар КРдин мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат", — деп айтылат маалыматта.

Мекеме коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын кошумчалады. Түшүндүрүү иштери укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте өткөрүлүп жатат.

Бишкек тик учак менен дезинфекцияланат деген маалымат төгүндөлдү
Буга чейин ИИМ коронавирус жугузуп алды деп жалган кабар тараткан бир катар адамдарды суракка алган эле.

Эске салсак, Кыргызстанда кечээ, 18-мартта, коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Сузак районуна болсо өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан биле аласыздар.