БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирустун өлкөгө жайылып кетишине каршы чаралар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатып, биримдикке чакырган флешмоб башташты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сүйлөп бүткөндөн кийин сөз фракция жетекчилерине берилди. Ошол маалда депутаттар топ-топ болуп колдоруна "Урматтуу калк! Коронавирусту биргеликте жеңебиз!" деп жазылган кагаздарды кармап сүрөткө түшүштү. Анда #ЫнтымакМененЖеңебиз деген хэштег дагы жазылган.
Жыйын суроо-жооп форматында өтүүдө. Депутаттардын суроолоруна вице-премьер Алтынай Өмүрбекова дагы жооп берди.
Коронавирус Кыргызстанда
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.
19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.
Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.