Коронавирустан улам Ош мэриясы да айрым чектөөлөрдү киргизди

Ош облусунун ар бир районунда атайын штабдар ачылды. Жарандар ал жактан суроолоруна жооп алып, жардам ала алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Коронавирустун жайылышынан улам Ош шаарынын мэриясы бир катар чараларды көрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бүгүн шаар жана облус башчылары жыйын өткөргөн. Анда окуучулар менен студенттер каникулда болгондуктан, коомдук транспорттун жарымы кыскара турганы айтылган.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аймактардан шаарга келгендердин кыймылына да чектөө болорун айтты.

"Саламаттык сактоо тармагын колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом бөлүндү. Ош облусунун ар бир районунда атайын штабдар ачылган, ал жакка бардык жарандар кайрыла алышат", — деп жазылат маалыматта.

Шаар жана облус башчылары жашоочуларга тамак-аш камы жетиштүү экенин айтып, дүрбөлөң түшпөөгө чакырды.

Жалал-Абаддагы мекемелерге сырттан киши киргизилбей турган болду
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келишкен. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.