Сауд Аравияга кичи ажылыкка Ысык-Көлдөн 16 адам барып келген. Бирөө изоляцияда

Ысык-Көлдөн кичи ажылыкка баргандардын арасынан бир адам Сузакта коронавирус аныкталгандар менен чогуу келген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунан Сауд Аравияга кичи ажылыкка 16 адам барып келген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаев билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келишкен.

Сагынбаевдин айтымында, коронавирус аныкталгандар менен учакта бир адам чогуу келген.

"Сауд Аравияга кичи ажылыкка Ысык-Көлдөн 16 киши барып келген. Алардын үчөө Караколдон, төртөө Түптөн, экөө Ак-Суудан, бирөө Чолпон-Атадан, алтоо Жети-Өгүздөн. Булардын ичинен бир эле киши коронавирус аныкталгандар менен чогуу бир каттамда келген. Мындан улам ал карантинге алынып, изоляцияланды. Ал эми 15и үй карантининде. Бардыгын күнүнө эки маалдан барып дарыгерлер дене табын текшерүүдө. 16 адамдан тең эч кандай оорунун белгилери аныкталган жок", — деди Сагынбаев.

Коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктар менен Сауд Аравиясынан бир учакта келген 135 адам келген. 90у изоляцияланып, 45и изделүүдө.

Кыргызстанда учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар