Исаков: карантинге депутат, министрлердин туугандары алынууда

Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч адам катталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Карантинге алынгандардын арасында министр, депутаттардын туугандары да бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутатынын эжеси, министрдин туугандары, губернатордун кызы да карантинге алынган. Булардын баары 14 күнгө чейин көзөмөлдө болушат.

"Биз "бул министр же депутаттын тууганы" деп караган жокпуз. Кимдин тууганы болсо да баары бир. Келген өлкөсүнө жараша карантинге алып, медициналык кароодон өткөрүп жатабыз", — деди Исаков.

Коронавируска кабылган сузактыктарды тосуп алган Чүйдүн беш жашоочусу изделип жатат
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч адам катталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Азыр Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө.

Бул адамдар менен бир учакта 135 адам чогуу учуп келген. Исаков алардын бардыгы табылып, текшерүүдөн өтүп жатканын айтты.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.